Новость 02.07.2015 - Посольство Кыргызстана

Поиск
Перейти к контенту

Главное меню:

новости главной страницы на кыргызском > новости 2014 года кыргызские
 
 
 
 
 

Премьер-министр Темир Сариев Түрк тилдүү мамлекеттердин бажы кызматтарынын жетекчилеринин Бишкектеги жолугушуусуна катышты

Бүгүн, 2-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкек шаарында башталган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин бажы кызматтарынын жетекчилеринин IV жолугушуусуна катышты. Премьер-министр Темир Сариев жолугушууга катышып жаткан Азербайжан, Казакстан жана Түркияныны Бажы органдарынын жетекчилери жана Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы Катчысы Кунио Микуриого ыраазычылыгын билдирип, өтүп жаткан иш-чаранын жогору мааниге ээ экендигин белгиледи.

“Кыргызстан гуманитардык, экономикалык жана маданий багыттагы түрк элдеринин кызматташтык жана интеграция маселелерин жогорку мааниге ээ болгон артыкчылык катары карайт. Уюмдун алкагында бажы жол-жоболорун шайкеш келтирүү жана жөнөкөйлөтүү, өткөрмө пункттарды жаңылоо, маалыматтар технологияларын пайдалануу боюнча биргелешкен аракеттер бул багыттагы кызматташтыктын майнаптуулугун жогорулатат. Эң негизгиси, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы сооданы жүзөгө ашыруу боюнча биздин ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүшү керек,”- деди Темир Сариев.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бажы кызматы 2000-жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмуна расмий түрдө мүчө экенин белгилеген. Премьер-министр бул уюмдун алкагында Кыргыз Республикасынын өкмөтү эл аралык сооданы башкаруу, эл аралык укуктук актылардын негизинде бажы мыйзамдарын бир түргө келтирүү жана заманбап концепцияларды жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи.

Муну менен катар Премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандын Бажы кызматы үчүн аталган чөйрөдөгү көптөгөн маселелер актуалдуу бойдон калып жатканын белгиледи.

Мындан улам Темир Сариев Түрк Кеңешинин жана Бүткүл дүйнөлүк Бажы уюмунун алкагында жалпы багыттар боюнча көтөрүлгөн демилгелерге көмөк көрсөтүлүүсүнө ишеним билдирди.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Назад к содержимому | Назад к главному меню