Новость 23.02.2015 - Посольство Кыргызстана

Поиск
Перейти к контенту

Главное меню:

новости главной страницы на кыргызском > новости 2014 года кыргызские
 
 
 
 
 

Кыргыз Республикасынын коомчулугу оор жоготууга учурады. 2015-жылдын 22-февралында 92 жаш курагында көрүнүктүү окумуштуу жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз ССР илимдерине эмгек сиңирген ишмер, география илимдеринин доктору, профессор, СССР географиялык коомунун ардактуу мүчөсү, Кыргызстан спортунун ардагери Кайып Оторбаевич Оторбаев дүйнөдөн кайтты. Кайып Оторбаев 1922-жылдын 22-апрелинде Чүй облусунун Кемин районундагы Тегирменти айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Беш жашында атасынан ажырап жетим өскөн. 1929-жылы Фрунзе шаарындагы № 1-орто мектептин биринчи классына барат. 7-классты аяктап, Фрунзедеги коммуналдык-курулуш техникумуна тапшырат. Окууну аяктап, техник-куруучу болуп эмгек жолун баштайт. 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна өтөт, бирок Улуу Ата Мекендик согуштун башталгандыгына байланыштуу окуусун уланта албай калат. 1941-жылдын декабрь айында Кайып Оторбаев Советтик армиянын катарына чакырылат. Катардагы жоокер, взводдун командири катары кызмат өтөйт. Немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы согуштарда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн Кайып Оторбаев Кызыл Жылдыз, II даражадагы Ата мекендик согуш ордени, «Каармандык үчүн», «1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияны жеңгендиги үчүн» медалдары менен сыйланган. Согуштан кийин Кайып Оторбаев Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтка тапшырып, артыкчылык диплом менен аяктаган. 1950-жылы СССР Илимдер академиясынын география институтунун аспирантурасына кабыл алынган. Аспирантурадагы окуусун спорт менен айкалыштырып, футбол боюнча Москванын «Спартак» командасында ойногон. 1954-жылы Кайып Оторбаев диссертациясын ийгиликтүү жактап, география илимдеринин кандидаты деген даража ыйгарылат. Анын илимий ишмердиги Кыргызстандын экономикалык географиясын изилдөөгө багытталган. Окумуштуу 400дөн ашуун илимий-изилдөө эмгектерди жарыялаган. Эмгектери англис, француз, немис, жана испан тилдерине которулган. 1971-жылы Кайып Оторбаевге геграфия илимдеринин доктору деген илимий даража ыйгарылган. 1979-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги болуп шайланат. Академиктин экономикалык жана социалдык географиянын маселелерин изилдөө боюнча зор салымы көптөгөн сыйлыктарга татыган. Кайып Оторбаев СССР географиялык коомунун ардактуу мүчөсү жана Кыргызстан географиялык коомунун ардактуу мүчөсү. Кайып Оторбаев советтик экономика илимдерин чет мамлекеттерде көп ирет тааныткан. Илимий делегациялардын курамында кыргыз окумуштууларынын атынан Англияда, Францияда, Болгарияда, Румынияда, Чехословакияда жана Кубада болуп, илимий докладдарды жасаган.
Кайып Оторбаев эл чарбасына адистерди жана илимий, педагогикалык кадрларды даярдоого активдүү катышкан. Көп жылдар бою Кыргыз мамлекеттик универститетин жетектеген.
Академик көп жылдардын аралыгында илимдин 5 докторун жана илимдин 18 кандидатын тарбиялаган. Академик Кайып Оторбаев илимий-педагогикалык ишмердигин коомдук ишмердик менен ийгиликтүү айкалыштырган. Көрүнүктүү окумуштуу эки ирет Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган.  Көп жылдар бою Тынчтыкты коргоонун республикалык комитетин жетектеген. Кайып Оторбаевдин экономикалык жана социалдык география илимин өнүктүрүүгө кошкон салымы советтик доордо да, эгемендүү Кыргызстандын өкмөтү тарабынан дагы татыктуу бааланган. Ал Эмгек кызыл Туу ордени, II жана III даражадагы «Манас» ордендери, юбилейлик медалдар жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1997-жылдан бери академик Кайып Оторбаевдин ысмындагы байге үчүн мини-футбол боюнча эл аралык мелдештер өткөрүлүүдө. Кайып Оторбаев өз Мекенинин татыктуу уулу эле. Бүт өмүрүн илимге, спортко арнаган. Уулдарына татыктуу тарбия берген. Чынчыл, таза жана абдан жакшы адам эле. Анын өмүрү жана ишмердиги - Мекенге, элине  берилип кызмат кылуунун бийик үлгүсү. Көрүнүктүү илимпоз, коомдук ишмер жана Кыргызстан спортунун ардактуу ардагери Кайып Оторбаевдин жаркын элеси ар дайым биздин жүрөгүбүздө сакталат.
Атамбаев А.Ш., Жээнбеков А.Ш., Турсунбеков Ч.А., Кулов Ф.Ш., Текебаев Ө.Ч., Жолдошева Ж.А., Сабиров М.Э., Нарымбаев Д.И., Илмиянов И.С., Ниязов Ф.А., Сарпашев Т.Д., Маматалиев А.М., Диль. В.И., Ниязалиева Д.А., Момуналиев Н.С., Абдылдаев Э.Б., Лаврова О.В., Мамбеталиева Ж.Ж., Кудайбердиев А.А., Турганбаев М.Т., Боронов К.А., Турдубаев К.А., Сариев Т.А., Айдаралиев Т.А., Султанов К.И., Батыралиев Т.А., Сариева Э.К., Азыранкулов А.Ж., Максутов А.А., Базарбаев К.Б., Табалдиев Б.Б., Кудайбердиева Г.К., Муратов А.А., Эркебаев А.Э., Бөрүбаев А.А., Алдашев А.А., Акматалиев А.А., Токторалиев Б.А., Иманалиев М.И., Айтматов И.Т., Жоробекова Ш.Ж., Койчуев Т.К., Мамакеев М.М., Мамытов М.М., Рыскулова К.Р., Сулайманкулов К.С., Какеев А.Ч.



 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Назад к содержимому | Назад к главному меню