Новость 20.04.2015 - Посольство Кыргызстана

Поиск
Перейти к контенту

Главное меню:

новости главной страницы на кыргызском > новости 2014 года кыргызские
 
 
 
 
 

Бүгүн, 2015-жылдын 20-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Эмирдин кеңешчиси, Эл аралык ислам кайрымдуулук уюмунун төрагасы, БУУнун Башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча Атайын өкүлү Абдаллах Матуук Аль Матуукду кабыл алды.

Абдаллах Матуук Аль Матуук Алмазбек Атамбаевге Кувейт Мамлекетинин Эмири Сабах аль-Ахмед аль-Джабер ас-Сабахдын ыраазычылык сөздөрүн жеткирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Кувейт Мамлекетинин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн перспективасы талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып жатып, өлкө үчүн приоритеттүү мааниге ээ болгон экономиканын келечектүү багыттарына токтолду. Ошондой эле Кыргызстанда түрдүү бизнес жана социалдык долбоорлорду каржылоо үчүн Кыргыз-Кувейт инвестициялык фондун түзүү маселеси талкууланды.

Жолугушуунун аягында Алмазбек Атамбаев менен Абдаллах Матуук Аль Матуук эки өлкөнүн кызматташтыгынын зор потенциалын жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүгүн белгилешти.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Назад к содержимому | Назад к главному меню