Новость 14.09.2015 - Посольство Кыргызстана

Поиск
Перейти к контенту

Главное меню:

новости главной страницы на кыргызском > новости 2014 года кыргызские
 
 
 
 
 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14- сентябрда Тажикстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчылары өлкөлөрдүн ар кыл багыттагы өз ара кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу кабыл алып, экономикалык шарттардагы окшоштуктарды эске алганда мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүдө мүмкүнчүлүктөр чоң экендигин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев тажик коллегасы менен эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулоого жакшы шарт түзүлгөндүгүнө кубанычта экендигин айтты. «Бизде эки тараптуу мамилелерди, эки элдин ортосундагы жылуу кошуналык мамилелерди жана достукту бекемдөөгө багытталган чараларды шашпай, ишенимдүү маанайда талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүгүбүз бар», - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Президент Эмомали Рахмонго Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) жамаатык коопсуздук Кеңешинин кезектеги сессиясынын ийгиликтүү өтүүсүн каалап, Тажикстандын Уюмдагы ийгиликтүү жана натыйжалуу төрагалыгын белгиледи.  



 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Назад к содержимому | Назад к главному меню